# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 159 "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 159 "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112638>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3395/edition/1270349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112638.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 159 "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112638

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 4-августу № 159 "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112638/st-1)

"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 231-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "статья" деген сөз "берене" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 1-беренеде:

а) биринчи бөлүктө:

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:

"СЕРТИФИКАТТАЛГАН ҮРӨНДӨР - түшүмдүүлүктүн бир кыйла жогорку көрсөткүчтөрүн камсыз кылуучу, үрөндүн кадимки сортторуна салыштырмалуу илдеттерге, зыянкечтерге жана климаттык өзгөрүүлөргө бир кыйла туруктуу болуп саналуучу жогорку сапаттагы үрөндөр.";

- жыйырма биринчи абзацта "Мамлекеттик үрөн инспекциясынын" деген сөздөр "үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жыйырма төртүнчү абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7) үрөн жөнөтүүчүлөр - ушул Мыйзамга ылайык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн жөнөтүү жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жеке ишкерлер.";

3) 4-берененин 1-пунктунда:

а) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"схемаларда өзгөчөлөнгөн, элиталык (базистик) жана сертификатталган (өзү чаңдашуучу өсүмдүктөр - биринчи жана экинчи репродукция, кайчылашып чаңдашуучу өсүмдүктөр - биринчи муундагы репродукция) үрөн категориялары таанылат;";

б) бешинчи абзац "инспекциядан өткөрүлөт," деген сөздөрдөн кийин "үрөн участоктору жана мөмө-жемиш питомниктери, ошондой эле" деген сөздөр менен толукталсын;

в) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"үрөндөрдүн сортторун репродукциялоонун саны ОЕСДнын схемалары менен так чектелет;";

г) 2-пункттун бешинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 5-берененин 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 7-берененин 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 9-берененин 3-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 11-беренеде:

а) 1-пунктта:

- биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын аймагына үрөндөрдү ташып келүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";

б) 6-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112638/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2023-жылдын 22-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
