# 8-берене. Жаштар саясатын түзүү, ишке ашыруу жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүлөрү

- Документ: [Жаштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112637)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 157 "Жаштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3394/edition/1270197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112637/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаштар жөнүндө, 8-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-8

---

1. Жаштар саясатын түзүү, ишке ашыруу жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо мамлекеттик органдар тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылат, алардын өз ара аракеттенүүсүнүн типтүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Жаштар саясатын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүргүзгөн саясатынын алкагында бирдиктүү системалык мамилени караштырган тармактар аралык өз ара аракеттенүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-9)
