# 7-берене. Жаштар саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү

- Документ: [Жаштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112637)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 157 "Жаштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3394/edition/1270197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112637/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаштар жөнүндө, 7-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-7

---

1. Жаштар саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасындагы жаштардын, жаш үй-бүлөлөрдүн жана жаштардын коомдук бирикмелеринин абалы, жаштар арасында улуттар аралык ынтымакты камсыз кылуу, жаштардын экстремисттик бирикмелеринин түзүлүшүн жана экстремизм идеологиясынын башка көрүнүштөрүн болтурбоо жөнүндө маалыматты чогултуу, жалпылоо, талдоо жана баа берүү боюнча системалуу, комплекстүү жана пландуу ишти билдирет.

2. Жаштар саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:

1) жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органы тарабынан.

3. Жаштар саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберилет (мындан ары - Министрлер Кабинети).

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-8)
