# 5-берене. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттары

- Документ: [Жаштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112637)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 157 "Жаштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3394/edition/1270197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112637/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаштар жөнүндө, 5-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-5

---

Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жарандуулукка, атуулдукка, салттарын улантуучулукка, тарыхый, улуттук жана башка салттарды урматтоого тарбиялоо;

2) жаштар чөйрөсүндө улуттар аралык (этностор аралык) жана конфессиялар аралык ынтымакты камсыз кылуу, жаштар бирикмелеринин ишинде экстремизмдин көрүнүштөрүнүн алдын алуу жана болтурбоо;

3) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жаштарды жана жаштардын аярлуу топторун (турмуштук оор кырдаалга кабылган жаштарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды) колдоо;

4) жаштардын демилгелерин колдоо жана жаштарды колдоого багытталган коомдук иштерге көмөктөшүү;

5) жаштардын бош убактысын, эс алуусун, ден соолук чыңдоосун уюштуруу, дене тарбия, спорт менен машыгуу үчүн шарттарды түзүү, жаштардын сергек жашоо образына көмөк көрсөтүү;

6) жаштардын, жаш үй-бүлөлөрдүн турак жай көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү;

7) жаштардын волонтердук ишмердүүлүгүн өнүктүрүү;

8) жаштардын ишкердик ишмердүүлүгүн колдоо жана көмөк көрсөтүү;

9) жаштар саясаты чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга көмөк көрсөтүү;

10) жаштардын руханий - адеп-ахлак баалуулуктарын чыңдоого багытталган билим берүү ишиндеги, спорттогу, маданияттагы жетишкендиктерди түзүү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайылтуу боюнча иштерди колдоо.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-6)
