# 3-берене. Жаштар саясатын түзүүнүн, ишке ашыруунун жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун принциптери

- Документ: [Жаштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112637)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 157 "Жаштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3394/edition/1270197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112637/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаштар жөнүндө, 3-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-3

---

Жаштар саясатын түзүү, ишке ашыруу жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо төмөнкү принциптерге негизделет:

1) жаштардын укуктарынын, эркиндигинин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыздоо;

2) жаштарды жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, дин тутуусу, курагы, саясий же башка көз караштары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;

3) ачыктык;

4) айкындык;

5) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын чечим кабыл алууга тең укуктуу катышуусун камсыздоо;

6) мамлекеттик жака муниципалдык программаларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда жаштардын керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын эске алуу;

7) жаштар саясатын комплекстүү жана системалуу калыптандыруу жана ишке ашыруу;

8) жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү;

9) жаштар саясатын калыптандырууга жана ишке ашырууга жаштардын, жаш үй-бүлөлөрдүн, жаштардын коомдук бирикмелеринин милдеттүү катышуусу.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-4)
