# 22-берене. Кыргыз Республикасынын жаштар кыймылы

- Документ: [Жаштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112637)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 157 "Жаштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3394/edition/1270197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112637/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаштар жөнүндө, 22-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-22

---

1. Коомдун өнүгүшүнө жана бакубаттуулугуна өз салымын кошо ала турган жигердүү жана жоопкерчиликтүү жаштарды бириктирүү максатында Кыргыз Республикасынын жаштар кыймылы иштейт.

2. Министрлер Кабинети жаштар кыймылынын ишинин укуктук абалын, максаттарын, уюштуруу негиздерин аныктайт.

3. Жаштар кыймылы төмөнкү максаттарды көздөгөн ыктыярдуу кыймыл болуп саналат:

1) жаштардын кызыкчылыгында мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө көмөктөшүү;

2) жаштарды тарбиялоого, кесиптик багыттоого, жаштардын эс алуусун уюштурууга көмөктөшүү;

3) жаштардын ар тараптуу өнүгүүсү жана өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;

4) салттуу руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде алардын дүйнө таанымын калыптандырууну кошкондо, жаштарды коомдо толук кандуу жашоого даярдоо.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-23)
