# 2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери

- Документ: [Жаштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112637)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 157 "Жаштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3394/edition/1270197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112637/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаштар жөнүндө, 2-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-2

---

1. Ушул Мыйзамдын максаты жаштар саясатын түзүү, ошондой эле жаштарды мамлекеттин ишинин бардык чөйрөлөрүнө тартуу болуп саналат.

2. Ушул Мыйзамдын максатын ишке ашыруу төмөнкү милдеттерди аткаруу менен камсыз кылынат:

1) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаштарды жана жаштардын аярлуу топторун (турмуштук оор кырдаалга кабылган жаштарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды) мамлекеттин ишинин бардык чөйрөсүнө тартуу үчүн бирдей шарттарды түзүү;

2) ушул Мыйзамда каралган жаштар маселелерине багытталган уюмдарды түзүү жана алардын ишинде катышуу жолу менен жаштардын өз алдынча уюмдашуусуна көмөк көрсөтүү;

3) жаштардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү орнотуу;

4) жаштардын демилгелерин ишке ашыруу аркылуу чечимдерди кабыл алуу процессине катышууга жаштардын кызыгуусунун деңгээлин жогорулатуу;

5) жаштардын кесиптик өзүн-өзү аныктоосуна жана иш менен камсыз болуусуна көмөктөшүү;

6) жаштар чөйрөсүндө улуттар аралык (этностор аралык) жана конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө;

7) экстремизмдин, улутчулдуктун идеологиясына, коррупциянын көрүнүштөрүнө, социалдык, диний, расалык, улуттук таандыктыгынын белгилери боюнча басмырлоого жана башка терс социалдык көрүнүштөргө каршы турууга мүмкүндүк берүүчү адеп-ахлактык принциптердин тутумун түзүү;

8) үй-бүлөлүк мамилелердин маданиятын калыптандыруу жана жаш үй-бүлөлөрдү колдоо;

9) сергек жашоо образын пропагандалоо.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-3)
