# 17-берене. Жаштарды сыйлоо

- Документ: [Жаштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112637)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 157 "Жаштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3394/edition/1270197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112637/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаштар жөнүндө, 17-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-17

---

1. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы - жаштарды атуулдукка жана жаратмандыкка, салттуу руханий, адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана сактоого, жаш муундарда гуманизм принциптерин жана рухий-дене тарбия принциптерин бекемдөөгө тарбиялоочу чыгармаларды жараткандыгы үчүн ыйгарылат.

Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштерди жана материалдарды көрсөтүү, кабыл алуу жана кароо тартиби жөнүндө жобо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. "Жаштар саясатынын отличниги" төш белгиси менен жаштар саясатын ишке ашырууга, жаштардын кызыкчылыктарын колдоого жана коргоого кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын жаш жарандары жана чет өлкөлүк жарандар сыйланышат.

"Жаштар саясатынын отличниги" төш белгиси менен сыйлоонун тартиби жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

3. Жылдын жыйынтыгы боюнча жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ведомстволук сыйлыктар менен мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууга олуттуу салым кошкон жарандар жана уюмдар сыйланат.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-18)
