# 15-берене. Жаштардын маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жаштарды илимге тартуу

- Документ: [Жаштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112637)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 157 "Жаштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3394/edition/1270197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112637/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаштар жөнүндө, 15-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-15

---

1. Жаштардын проблемалары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү Министрлер Кабинети тарабынан төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырылат:

1) жынысы жана жаш курагы боюнча Кыргыз Республикасындагы жаштардын абалы жөнүндө мониторинг, социологиялык изилдөө жана статистикалык эсепти жүргүзүү;

2) жаштарга тиешелүү маселелер боюнча социологиялык жана башка илимий изилдөөлөрдүн маалымат базасын түзүү;

3) жаштардын кызыкчылыктарын козгогон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун демографиялык жана башка социалдык кесепеттерин болжолдоо;

4) жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча илимий-методикалык сунуштарды иштеп чыгуу;

5) жаш окумуштуулар институтун түзүү жана өнүктүрүү;

6) жаш окумуштуулардын илимий долбоорлорго катышуусун камсыз кылуу;

7) жаштарды илимий ишке тартуу үчүн дем берүүчү механизмдерди уюштуруу.

2. Жаштардын проблемалары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү Министрлер Кабинети тарабынан эки жылда бир жолудан кем эмес мамлекеттик илимий жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү башка мекемелерди (уюмдарды) жана адистерди бул ишке тартуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-16)
