# 13-берене. Жаштар саясатын түзүүгө жана ишке ашырууга жаштардын катышуусу

- Документ: [Жаштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112637)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 157 "Жаштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3394/edition/1270197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112637/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаштар жөнүндө, 13-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-13

---

1. Жаштар саясатын түзүүгө жана ишке ашырууга жаштар төмөнкүлөр аркылуу катышат:

1) жаштар саясатын түзүү боюнча сунуштарды берүү жана мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү;

2) мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу долбоорлорду коомдук талкуулоого, угууга катышуу, программалардын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна гендердик экспертиза жүргүзүү;

3) жаштар демилгелерин ишке ашыруу;

4) жаштардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштамаларды берүү;

5) жаштар маселелери менен алектенген консультативдик-кеңешүүчү органдар, эл аралык, мамлекеттер аралык жана башка уюмдардын ишине катышуу;

6) жаштар жана эл аралык жаштар форумдарын, ошондой эле жаштар саясаты жаатындагы башка иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү жана аларга катышуу.

2. Жаштарды жаштар саясатын түзүүгө жана ишке ашырууга тартуу максатында Кыргыз Республикасынын жаштарынын республикалык конгресси өткөрүлөт, аны уюштуруу жана өткөрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жаштар уюмдарынын жана саясий партиялардын жаштар канаттарынын ортосундагы конструктивдүү жана координацияланган ишти камсыз кылуу үчүн Министрлер Кабинетинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлүүчү Жаштар иштери боюнча кеңештер (мындан ары - Кеңештер) иштейт.

Кеңештер бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эсепке алуу менен борбордук, облустук жана райондук деңгээлде түзүлөт.

4. Кеңештер жаштар саясатын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле жаштардын чечимдерди кабыл алуусуна жана мамлекеттин коомдук турмушуна катышуусуна дем берүү максатын көздөгөн консультативдик-кеңешүүчү органдар болуп саналат. Кеңештердин иш тартиби Министрлер Кабинети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-14)
