# 12-берене. Жаштардын демилгелерин колдоо

- Документ: [Жаштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112637)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 157 "Жаштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3394/edition/1270197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112637/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаштар жөнүндө, 12-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-12

---

1. Жаштардын, жаштар уюмдарынын жана жаштарга колдоо көрсөтүүчү башка жеке жана юридикалык жактардын демилгелерине колдоо көрсөтүү мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү жолу менен ишке ашырылат.

2. Жаштардын, жаштар уюмдарынын жана жаштарга колдоо көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактардын демилгелерин мамлекеттик колдоо мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык конкурстук негизде ишке ашырылат. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаштар уюмдары менен өз ара тыгыз аракеттенет жана Министрлер Кабинетинин программалык документтерин ишке ашыруунун алкагында жаштар уюмдарынын потенциалын чыңдоого өбөлгө түзөт.

4. Жаштар саясаты чөйрөсүндө мамлекеттик жана муниципалдык программаларды иштеп чыгууга жаштар уюмдары, жаштар, ошондой эле иши жаштар саясатын ишке ашыруу менен байланышкан жеке жана юридикалык жактар тартылат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-13)
