# 11-берене. Жаштардын эл аралык кызматташтыгына көмөк көрсөтүү

- Документ: [Жаштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112637)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 157 "Жаштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3394/edition/1270197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112637/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаштар жөнүндө, 11-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жаштар саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик кепилдиктерди ишке ашыруунун алкагында жаштарды колдоо боюнча эл аралык деңгээлде макулдашууларга жетишүү боюнча чараларды көрөт.

2. Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген жаштар саясаты маселелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө жана эл аралык келишимдер жөнүндө мыйзамдарынын ченемдерине ылайык улуттук мыйзамдарга имплементацияланууга тийиш.

3. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында жаштар маселелери боюнча эл аралык платформаларда Кыргыз Республикасынан өкүлдөрдүн катышуусунун уюштуруу маселелерин координациялайт жана эсеп жүргүзөт. Координациялоо жана эсеп жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112637/st-12)
