# 9-берене

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112635)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112635/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3393/edition/1268657/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112635/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 9-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112635/st-9

---

"Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 5, 356-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-берененин 2-бөлүгүндө:

а) 2-пункт "убактылуу" деген сөздөн кийин "комиссиялардын," деген сөз менен толукталсын;

б) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 18-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун комиссияларынын, коллегияларынын жыйналыштарынын өткөрүлүүчү датасы, орду, программасы же күн тартиби жөнүндө жана министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство тарабынан өткөрүлүүчү башка иш-чаралар жөнүндө, алардын өткөрүлүүчү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен коомдук кеңешке кабарлоого жана коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн жыйналыштарды өткөрүүнүн кайсы болбосун стадиясында аларга катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.".

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112635/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112635/st-10)
