# 11-берене

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112635)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112635/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3393/edition/1268657/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112635/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 11-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112635/st-11

---

"Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 12, 698-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-берененин аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 7-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7-берене. Тамактанууну уюштуруу сапатын камсыз кылуу

Окуучулардын тамактануусун уюштуруу жана тамак-аш азыктарын сатып алуу процессин контролдоо жана жөнгө салуу мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Бажы бирлигинин тамак-аш продукциясынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттери менен белгиленет.".

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112635/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112635/st-12)
