11-берене
Күчүндө · 13.02.2026 редакциясы
"Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 12, 698-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берененин аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 7-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Тамактанууну уюштуруу сапатын камсыз кылуу
Окуучулардын тамактануусун уюштуруу жана тамак-аш азыктарын сатып алуу процессин контролдоо жана жөнгө салуу мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Бажы бирлигинин тамак-аш продукциясынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттери менен белгиленет.".
Берененин тексти 13.02.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндөЗакон · 04.12.2019 · № 135 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112635/st-11" title="11-берене - Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>