# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112630>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3389/edition/1267403/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112630.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (26.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112630

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 26-июлу № 149

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1- берене Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, №122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-берененин 57-пунктунда ", прокурор" деген сөз алып салынсын;

2) 24-берененин 3-бөлүгүндө ", прокурор" деген сөз алып салынсын;

3) 34-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 35-берененин 1-бөлүгүндө:

а) 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 5-пунктта ", төмөн турган прокурорго" деген сөздөр алып салынсын;

в) 19-пунктта "жана төмөн турган прокурорду" деген сөздөр алып салынсын;

5) 141-берененин 2-бөлүгүндө "прокурордун," деген сөз алып салынсын;

6) 142-беренеде:

а) 1-бөлүктө "прокурор," деген сөз алып салынсын;

б) 2-бөлүктө "прокурордун," деген сөз алып салынсын;

в) 4-бөлүктө ", прокурор" деген сөз алып салынсын;

г) 6-бөлүктөгү ", прокурор" деген сөз алып салынсын;

7) 145-берененин 3-бөлүгүндө ", прокурор" деген сөз алып салынсын;

8) 158-беренедеги "прокуратура" деген сөз "аскердик прокуратура" деген сөздөргө алмаштырылсын;

9) 159-беренеде:

а) 1-3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан өмүргө каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 122-129-беренелери); ден соолукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 130-136, 138, 139-беренелери); адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 140-145-беренелери); инсанды медициналык жана фармацевттик тейлөө чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 146-153-беренелери); жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 154-156-беренелери); инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 157-164-беренелери); адамдын жеке эркиндигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 165-171-беренелери); балдардын кызыкчылыктарына жана үй-бүлөлүк мамилелердин көнүмүшүнө каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 172-181, 183-188-беренелери); адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 189, 190, 193-204-беренелери); менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 205-217-беренелери); экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 218, 220, 221, 223-225, 229-беренелери); акча-кредит жана валюта чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 232-беренеси); салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 238-240, 242-беренелери); коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 246-249-беренелери); коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 260-263, 267-271-беренелери); өнөр жайда, курулушта жана жогорку коркунучтагы булактарды пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 272-277-беренелери); коомдук тартипке каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 278-281-беренелери); баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар (Кылмыш-жаза кодексинин 282-291-беренелери); калктын саламаттыгына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 292-297-беренелери); экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 298-310-беренелери); транспорттун жана магистралдык түтүк өткөргүчтөрдүн кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 311-318-беренелери); далилдерди табуунун процессуалдык тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 364-366-беренелери); сот актыларын жана башка аткаруу документтерин аткарууга каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 368-373-беренелери); башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 375, 380-384-беренелери); чакырылуучулардын, резервдегилердин жана аскерге милдеттүүлөрдүн кылмыштары жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 385-беренеси) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.

2. Улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан үй-бүлө мамилелеринин көнүмүшүнө жана балдардын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 182-беренеси); коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 252-259, 264-266-беренелери); маалыматтык коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси); конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 323-329, 333-335-беренелери); сот бийлигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 349-353-беренелери); башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси); тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 402-409-беренелери); аскердик кылмыштар жана согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарын жана салттарын башка бузуулар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 410, 411, 414-416-беренелери) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.

3. Аскердик прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан баш ийүү жана аскердик ар-намысты сактоо тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 386-396-беренелери); аскердик мүлктү сактоонун же эксплуатациялоонун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 397-401-беренелери) кылмыш иштери жана аскер кызматчылары, ошондой эле жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.";

б) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

в) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Улуттук коопсуздук органдарынын жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан ден соолукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 137-беренеси); адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 191, 192-беренелери); экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 222, 226-228, 230-231-беренелери); акча-кредит жана валюта чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 233-237-беренелери); салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 241, 243, 244-беренелери); коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 245, 250, 251-беренелери); маалыматтык коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 319-321-беренелери); конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 330-332-беренелери); мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 336-348-беренелери); далилдерди табуунун процессуалдык тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 354-363, 367-беренелери); башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 374, 376, 377, 379-беренелери); аскердик кылмыштар жана согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарын жана салттарын башка бузуулар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 412, 413-беренелери) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.";

г) 7-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.

2- берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 28-июлундагы № 60 (3509) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө прокуратура органдарынын тергөө бөлүмдөрүнүн өндүрүшүндө турган кылмыш иштерин караштуулугуна ылайык өткөрүп берсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2023-жылдын 22-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
