Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Конституциялык Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 21-июлу № 145
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 17-сентябры, № 97) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 84-беренеде:
а) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Мамлекеттик камсыздандыруу органдары прокуратура органдарынын сунуштамасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыздандыруу суммасын төмөнкүдөй учурларда төлөп берет:
1) прокурор жана тергөөчү өз кызматтык милдеттерин аткарып жатканда курман болгондо (өлүмгө учураганда). Курман болгондун үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча жыйырма орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт. Курман болгондун үй-бүлөсүнө кызматкер курман болгон учурда орун алган шарттарда жана негиздерде бардык шарты бар турак жай алуу укугу сакталат;
2) прокурор жана тергөөчү өз кызматтык милдеттерин аткарып жатканда мындан ары кесиптик иши менен алектенүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган мертинүү же майыптык алганда, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бир жолку камсыздандыруу суммасы төлөнөт:
а) I топтогу майыпка - акыркы кызмат орду боюнча он орточо айлык эмгек акы;
б) II топтогу майыпка - акыркы кызмат орду боюнча сегиз орточо айлык эмгек акы;
в) III топтогу майыпка - акыркы кызмат орду боюнча беш орточо айлык эмгек акы.
Өз кызматтык милдеттерин аткарып жатканда мертинүүнүн (жарадар болуунун, травманын, контузиянын) кесепетинен майыптык алган кызматкерге милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча алган төлөмдөрү эсепке алынбастан, анын эмгек акысынын жана майыптыгы боюнча дайындалган пенсиясынын ортосундагы айырма түрүндө ай сайын компенсация төлөнөт.";
б) 9-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Кызматкер кызматтык милдеттерин аткарып жаткан убакта травма, мертинүү алган, бирок анын мындан ары кызмат өтөө мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылбаган учурда камсыздандыруу суммалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөнөт:
1) оор мертинүү (жарадар болуу, травма, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду боюнча маянанын 7 эселенген өлчөмү;
2) анча оор эмес мертинүү (жарадар болуу, травма, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду боюнча маянанын 5 эселенген өлчөмү;
3) жеңил мертинүү (жарадар болуу, травма, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду боюнча маянанын 3 эселенген өлчөмү.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн камсыздандыруу суммалары прокуратура органдарынын сметасынын эсебинен төлөнөт.".
2-берене. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 25-июлундагы № 59 (3508) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2023-жылдын 29-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" контитуциялык МыйзамыКонституционный Закон · 10.09.2021 · № 114
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" контитуциялык МыйзамыКонституционный Закон · 10.09.2021 · № 114