# 9-берене. Курман болгон адамдардын балдарына социалдык кепилдиктер

- Документ: [2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112623)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 20-июлундагы № 142 "2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3384/edition/1267391/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112623/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө, 9-берене (20.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-9

---

Курман болгон адамдардын балдарына төмөнкүлөргө кепилдик берилет:

1) мектепке чейинки мамлекеттик билим берүү уюмдарында, дарылоо жана санаториялык типтердеги мамлекеттик адистештирилген балдар мекемелеринде, ден соолукту чыңдоочу мамлекеттик лагерлерде жана башка ден соолукту чыңдоочу мамлекеттик мекемелерде кезексиз жана акысыз орундар менен камсыз кылуу;

2) кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүнө тапшыруу үчүн квоталарды берүү;

3) алар он сегиз жаш куракка толгонго чейин Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык акысыз текшерүү жана медициналык жардам көрсөтүү;

4) жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун жер жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте биринчи кезекте алуу (бир жолу).

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-10)
