# 8-берене. Ар айлык кошумча социалдык жөлөкпул

- Документ: [2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112623)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 20-июлундагы № 142 "2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3384/edition/1267391/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112623/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө, 8-берене (20.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-8

---

1. Ар айлык кошумча социалдык жөлөкпул - 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы жана 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен жана Ош облустарындагы окуялардын кесепетинен курман болгон адамдардын балдарына жана ата-энелерине, ошондой эле майыптыгы бар деп таанылган, жабыр тарткандарга мыйзамдарда белгиленген башка социалдык төлөмдөргө кошумча дайындалуучу ар айлык социалдык жөлөкпулдун түрү.

2. Ар айлык кошумча социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө дайындалат:

1) курман болгон адамдардын балдарына - алар он сегиз жаш куракка толгонго чейин;

2) курман болгон адамдардын ата-энелерине (атасына, энесине) - курман болгон адам жалгыз баласы болгон учурда пенсия курагына жеткенде - өмүр бою;

3) майыптыгы бар адамдар деп таанылган жабыр тарткандарга - майыптыгы белгиленген датадан тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин.

Кошумча социалдык жөлөк пулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Ар айлык кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоонун жана төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-9)
