# 5-берене. Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга карата мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу

- Документ: [2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112623)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 20-июлундагы № 142 "2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3384/edition/1267391/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112623/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө, 5-берене (20.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-5

---

Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга карата мамлекеттик саясат төмөнкүлөрдү карайт:

1) курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга укуктук жана социалдык кепилдиктерди камсыз кылуучу максаттуу мамлекеттик жана жергиликтүү программаларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну;

2) 2021-жылдын апрель окуяларынын жана 2022-жылдын сентябрь окуяларынын катышуучуларынын баатырдык иштери, мамлекеттин кызыкчылыктарын, жарандардын өмүрүн жана кадыр-баркын коргоодогу эрдиктери жөнүндө фактыларды жалпыга маалымдоо каражаттарында максаттуу чагылдырууну.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-6)
