5-берене. Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга карата мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу
Күчүндө · 20.07.2023 редакциясы · 1-глава
Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга карата мамлекеттик саясат төмөнкүлөрдү карайт:
1) курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга укуктук жана социалдык кепилдиктерди камсыз кылуучу максаттуу мамлекеттик жана жергиликтүү программаларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну;
2) 2021-жылдын апрель окуяларынын жана 2022-жылдын сентябрь окуяларынын катышуучуларынын баатырдык иштери, мамлекеттин кызыкчылыктарын, жарандардын өмүрүн жана кадыр-баркын коргоодогу эрдиктери жөнүндө фактыларды жалпыга маалымдоо каражаттарында максаттуу чагылдырууну.
Берененин тексти 20.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112623/st-5" title="5-берене - 2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>