# 2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112623)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 20-июлундагы № 142 "2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3384/edition/1267391/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112623/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө, 2-берене (20.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-2

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

1) курман болгон адамдар - мөөнөтүнүн эскиргенине карабастан, алардын каза болушуна же өлүшүнө 2021-жылдын 28-30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы, ошондой эле 2022-жылдын 14-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарындагы окуяларда алган жаракаттары себеп болуп, курман болгон же өлгөн адамдар;

2) жабыр тарткан адамдар - соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу менен ырасталган, ден соолугуна оор, анча оор эмес жана жеңил жаракат алган адамдар, ошондой эле 2021-жылдын 28-30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы, ошондой эле 2022-жылдын 14-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарындагы окуяларда алган жаракаттардын кесепетинен майыптыгы бар жактар деп таанылган адамдар.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-3)
