2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 20.07.2023 редакциясы · 1-глава
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) курман болгон адамдар - мөөнөтүнүн эскиргенине карабастан, алардын каза болушуна же өлүшүнө 2021-жылдын 28-30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы, ошондой эле 2022-жылдын 14-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарындагы окуяларда алган жаракаттары себеп болуп, курман болгон же өлгөн адамдар;
2) жабыр тарткан адамдар - соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу менен ырасталган, ден соолугуна оор, анча оор эмес жана жеңил жаракат алган адамдар, ошондой эле 2021-жылдын 28-30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы, ошондой эле 2022-жылдын 14-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарындагы окуяларда алган жаракаттардын кесепетинен майыптыгы бар жактар деп таанылган адамдар.
Берененин тексти 20.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112623/st-2" title="2-берене - 2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>