# 10-берене. Жабыр тарткан адамдарга социалдык кепилдиктер

- Документ: [2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112623)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 20-июлундагы № 142 "2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3384/edition/1267391/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112623/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө, 10-берене (20.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-10

---

Жабыр тарткан адамдарга төмөнкүлөр кепилденет:

1) Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык тейлөө жана дары-дармектер менен жеңилдетилген камсыз кылуу;

2) биринчи деңгээлдеги дарылоочу-профилактикалык уюмдарда артыкчылыктуу тейлөө жана стационарларга кезексиз жаткыруу;

3) медициналык корутундуларга ылайык протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;

4) санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен иштеген жери боюнча камсыз кылууга артыкчылыктуу укук;

5) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда аскердик кызмат өтөөдөн бошотуу;

6) жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун жер жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте биринчи кезекте алуу (бир жолу);

7) жайыттар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте чөп чабуу үчүн участокторду жана малды жаюу үчүн жайыттарды биринчи кезекте алуу;

8) турак жай мыйзамдарында белгиленген тартипте алар ээлеген мамлекеттик жана коммуналдык турак жай фондунун турак жайларын жеке менчикке акысыз өткөрүп берүү;

9) улгайгандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн жатак үйлөргө кезексиз кабыл алууга укугу, ошондой эле социалдык коргоо органдары тарабынан үйүндө кезексиз тейлөөгө укугу.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112623/st-11)
