# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 14-июлундагы № 138 "2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 14-июлундагы № 138 "2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112621>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3383/edition/1266209/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112621.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 14-июлундагы № 138 "2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Мыйзамы (14.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112621

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 14-июлу № 138 2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112621/st-1)

2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга (мындан ары - Конвенция) төмөнкүдөй шарт жана билдирүүлөр менен кошулсун: Шарт: Кыргыз Республикасы Конвенциянын 62 жана 44 (3)-беренелерине ылайык Борбордук органдардын ортосунда башка билдирүүлөрдү жүзөгө ашырууда француз тилин колдонуудан баш тартат. Мындай башка билдирүүлөр орус тилинде же болбосо англис тилинде жүргүзүлөт. Билдирүүлөр: Кыргыз Республикасы Конвенциянын 63-беренесине ылайык төмөнкүдөй билдирүүлөрдү жасайт:

1) Конвенциянын 23 (2) - (11)-беренесинин жоболоруна карабастан, чечимди таануу жана аткаруу жөнүндө билдирүүгө карата Конвенциянын 24 (1)-беренесинде каралган таануу жана аткаруу жол-жобосу колдонулат;

2) Конвенциянын 30 (7)-беренесинде каралган алименттер жөнүндө макулдашууну таануу жана аткаруу жөнүндө билдирүү Кыргыз Республикасынын Борбордук органы аркылуу гана берилиши мүмкүн;

3) Конвенциянын 44 (1)-беренесине ылайык, эгерде сураткан мүчө-мамлекеттердин ар кандай билдирүүлөрү жана тиешелүү документтери тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн кыргыз жана (же) орус тилдериндеги котормосу менен коштолсо, алар Кыргыз Республикасынын аймагында аткарууга кабыл алынат.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112621/st-2)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны ушул Мыйзамдын 1-беренесине ылайык шарт жана билдирүүлөр менен депозитарий болуп саналган Нидерланддар Королдугунун Тышкы иштер министрлигине депонирлесин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112621/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин-Тоо газетасынын 2023-жылдын 18-июлундагы № 57 (3506) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н.Жапаров

2023-жылдын 7-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
