3-берене
Күчүндө · 30.06.2023 редакциясы
"Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 68-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги текстинде:
а) аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмө формаларындагы "граждандар" жана "граждандыгы" деген сөздөр тиешелүү түрдө тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жарандар" жана "жарандыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) ар кандай жөндөмө формаларындагы "граждан" жана "гражданин" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жаран" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 11-статьяда:
а) статьянын аталышында жана текстинде ар кандай жөндөмө формаларындагы "чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-жетинчи бөлүктөр менен толукталсын:
"Жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандайдыр бир чет мамлекеттин жарандыгына өзүнүн таандык экендигинин далилдери болбогон адам. Жарандыгы жок адамга күбөлүк берилет, ал жарандыгы жок адамдын ким экендигин тастыктоочу жана статусун ырастоочу документ болуп саналат. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү жарактуу жол кире документи болуп саналат. Жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо жана жарандыгы жок адамга күбөлүк берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт. Өзүн Кыргыз Республикасында жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч берген арыз ээсине анын өтүнүчүн каттоо жөнүндө күбөлүк берилет, ал арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документ жана Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүрүшү жана бул адамды жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоо үчүн негиз болуп саналат.";
3) 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалы
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.";
4) 3-статьяда:
а) аталышында, экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө ар кандай жөндөмө формаларындагы "чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Качкындарды жана качкын статусун берүү жөнүндө өтүнгөн адамдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарына жана эркиндиктерине атайын чектөөлөр киргизилген мамлекеттердин жарандарына карата улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жооп иретиндеги чектөөлөр белгилениши мүмкүн.";
5) 4-статьяда ар кандай жөндөмө формаларындагы "чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 5-статьянын биринчи бөлүгү "граждандыгы" деген сөздөн кийин "же болбосо качкындын статусу, же болбосо жарандыгы жок адамдын статусу" деген сөздөр менен толукталсын.";
7) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Баш паанек берүү
Кыргыз Республикасы саясий жүйөлөр боюнча, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуу жүйөлөрү боюнча куугунтукталган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык баш паанек берет.";
8) 7-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Социалдык камсыз кылуу
Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пенсияларды, жөлөкпулдарды алууга жана социалдык камсыз кылуунун башка формаларына укуктуу.";
10) 19-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 27-статьянын үчүнчү жана алтынчы бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 30.06.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндөЗакон · 14.12.1993 · № 1296-XII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112616/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>