Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 30.06.2023 редакциясы
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 52-статья менен толукталсын:
"52-статья. Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму
Кыргыз Республикасында тышкы миграция процесстерин жөнгө салуу Кыргыз Республикасында Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумун уюштуруу аркылуу жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасында Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму деп адамдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн визаларды жана уруксаттарды, убактылуу жана туруктуу жашоо уруксаттарын берүү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоо жана Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн, жашы жете электердин Кыргыз Республикасынан чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилген, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу боюнча маалыматтык тутум түшүнүлөт. Кыргыз Республикасында Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
2) 15-статьянын 6-бөлүгүндө "миграция чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) расмий тилдеги 32-статьяда:
а) биринчи бөлүктүн 6-пунктунда "гражданином которого он является" деген сөздөр "гражданином которого он (она) является" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Если в Кыргызскую Республику переезжает только один из родителей, которого сопровождают дети в возрасте до 18 лет, он (она) должен (должна) представить нотариально удостоверенное заявление другого супруга о том, что он (она) не против проживания детей вместе с родителем-иммигрантом.";
4) расмий тилдеги 33-статьяда:
а) 2-пунктта "его супруга" деген сөздөр "его (ее) супруга (супруг)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пунктта "супруга" деген сөз "супруг (супруга)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 35-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 65-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 30.06.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112616/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>