# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июнундагы № 128 "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июнундагы № 128 "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112613>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3376/edition/1263151/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112613.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июнундагы № 128 "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (26.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112613

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 26-июну № 128 "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112613/st-1)

"Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 28-декабры, № 155) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ушул Мыйзам маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу электрондук соода чөйрөсүндөгү жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, электрондук соодадагы иштин укуктук негизин белгилейт.";

2) 3-берененин 2-бөлүгүндө:

а) 8-пунктта "экономикалык" деген сөз "ишкердик" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 16-пунктта "сунушталуучу жана ишке ашырылуучу" деген сөздөр "аткарылуучу жана көрсөтүлүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 5-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:

а) "а" жана "б" пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;

"а) сатуучунун толук аталышын;

б) мамлекеттик жана (же) салыктык каттоо жөнүндө маалыматтарын, юридикалык жана иш жүзүндөгү даректерин, байланышуу маалыматтарын (электрондук дарегин, телефон номерин);";

б) "г" пунктчасында "мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтарды жана" деген сөздөр алып салынсын;

4) 20-беренеде "жоруктар жөнүндө жана бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112613/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 52 (3501) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2023-жылдын 24-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
