# 8-берене. Импорттун өсүшүнүн натыйжасында экономика тармагына олуттуу зыян келтирүүнү же аны келтирүү коркунучун аныктоо

- Документ: [Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 "Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3375/edition/1263117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112612/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 8-берене (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-8

---

1. Териштирүү жүргүзүп жаткан орган, Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттун көлөмүнүн өсүшүнүн натыйжасында экономика тармагына олуттуу зыянды же аны келтирүү коркунучун аныктоо максатында, териштирүүнүн жүрүшүндө сандык көрсөткүчтөрдө туюндурулушу мүмкүн болгон жана экономика тармагынын экономикалык абалына таасир көрсөткөн объективдүү факторлорго баа берет.

2. Териштирүү жүргүзүп жаткан орган, импорт көлөмүнүн өсүшүнөн тышкары, натыйжасында ошол эле мезгилде экономика тармагына олуттуу зыян келтирип жаткан же аны келтирүү коркунучун туудурган башка белгилүү факторлорду талдоого алат. Көрсөтүлгөн зыян Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттун өсүшүнүн натыйжасында экономика тармагына олуттуу зыян келтирүүгө же келтирүү коркунучуна таандык болбоого тийиш.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-9)
