8-берене. Импорттун өсүшүнүн натыйжасында экономика тармагына олуттуу зыян келтирүүнү же аны келтирүү коркунучун аныктоо
Күчүндө · 03.07.2023 редакциясы · 2-глава
1. Териштирүү жүргүзүп жаткан орган, Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттун көлөмүнүн өсүшүнүн натыйжасында экономика тармагына олуттуу зыянды же аны келтирүү коркунучун аныктоо максатында, териштирүүнүн жүрүшүндө сандык көрсөткүчтөрдө туюндурулушу мүмкүн болгон жана экономика тармагынын экономикалык абалына таасир көрсөткөн объективдүү факторлорго баа берет.
2. Териштирүү жүргүзүп жаткан орган, импорт көлөмүнүн өсүшүнөн тышкары, натыйжасында ошол эле мезгилде экономика тармагына олуттуу зыян келтирип жаткан же аны келтирүү коркунучун туудурган башка белгилүү факторлорду талдоого алат. Көрсөтүлгөн зыян Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттун өсүшүнүн натыйжасында экономика тармагына олуттуу зыян келтирүүгө же келтирүү коркунучуна таандык болбоого тийиш.
Берененин тексти 03.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112612/st-8" title="8-берене - Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>