# 7-берене. Атайын коргоо чараларын колдонуунун жалпы принциптери

- Документ: [Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 "Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3375/edition/1263117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112612/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 7-берене (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-7

---

1. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорт экономика тармагына олуттуу зыян келтирген же келтирүү коркунучун түзгөн сандарда (окшош же түздөн-түз атаандаш товардын өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнө карата абсолюттук же салыштырма көрсөткүчтөрдө) жана шарттарда жүзөгө ашырыла тургандыгы аныкталган учурда, атайын коргоо чарасы товарга карата колдонулат.

2. Өнүгүп келе жаткан же анча өнүкпөгөн - тарифтик преференциялар системасын пайдалануучу өлкөдөн чыккан товардын импортунун үлүшү ушундай эле товардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импортунун жалпы көлөмүнүн 3 пайызынан ашпай турганда, ошол эле учурда ушундай өлкөлөрдөн болгон товардын импортунун суммалык үлүшү окшош товардын импортунун жалпы көлөмүнүн 9 пайызынан ашпай турганда, атайын коргоо чарасы териштирүүнүн объекти болуп саналган мындай өлкөгө карата колдонулбайт.

3. Атайын коргоо чарасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген учурларда колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-8)
