# 5-берене. Териштирүү жүргүзүүдө жана атайын коргоо, демпингге каршы же компенсациялык чараларды киргизүүдө, колдонууда, кайра кароодо, алып салууда ыйгарым укуктуу органдын өз ара аракеттенүүсү

- Документ: [Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 "Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3375/edition/1263117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112612/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 5-берене (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-5

---

1. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар маселелери боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган менен өз ара аракеттенет.

2. Ыйгарым укуктуу орган териштирүү жүргүзүүчү органга атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонууга чейинки териштирүүлөрдү демилгелөө боюнча сунуштарды киргизет.

3. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт.

4. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо, демпингге каршы же компенсациялык чаралар боюнча маселелерди түзөт жана Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашат.

5. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо, демпингге каршы же компенсациялык чаралар маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат.

6. Ыйгарым укуктуу орган башка өлкөлөрдүн расмий органдары жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.

7. Ыйгарым укуктуу орган ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын тышкы соода иш чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-6)
