# 4-берене. Атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу максатындагы териштирүү

- Документ: [Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 "Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3375/edition/1263117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112612/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 4-берене (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-4

---

1. Товарды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды киргизүүнүн алдында ушул Мыйзамдын ченемдерине жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлүүчү териштирүү болууга тийиш.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн териштирүү Кыргыз Республикасынын бажы аймагында импорттун өсүүсүн жана ушуну менен шартталган экономика тармагына олуттуу зыяндын келүүсүн же келтирүү коркунучун аныктоо, ошондой эле демпингдик же субсидиялануучу импорттун болушун жана ушуну менен шартталган экономика тармагына материалдык зыяндын келүүсүн же келтирүү коркунучун аныктоо максатында жүргүзүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо, атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды, кайталап териштирүүлөрдү киргизүүнүн алдындагы териштирүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жана эрежелери, териштирүү жүргүзүүчү органдын иш тартиби, өскөн демпингдик жана субсидиялануучу импорттун таасирине талдоо жүргүзүүнүн, консультацияларды өткөрүүнүн жана билдирүүлөрдүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-5)
