# 27-берене. Алдын ала компенсациялык алымды киргизүү

- Документ: [Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 "Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3375/edition/1263117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112612/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 27-берене (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-27

---

1. Эгерде териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүү аяктаганга чейин алынган маалымат субсидиялануучу импорттун жана экономика тармагына ушул импорт менен шартталган зыяндын бар экендиги жөнүндө күбөлөндүрсө, анда териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүү жүргүзүү мезгилинде экономика тармагына субсидиялануучу импорт менен келтирилүүчү зыянды болтурбоо максатында 4 айга чейинки мөөнөткө алдын ала компенсациялык алымды киргизүү аркылуу компенсациялык чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынат.

2. Ыйгарым укуктуу орган алдын ала компенсациялык алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин, ыйгарым укуктуу орган алдын ала корутундунун негизинде, териштирүү жүргүзүп жаткан орган даярдаган алдын ала компенсациялык алымды киргизүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашат.

3. Алдын ала компенсациялык алым териштирүү башталган күндөн тартып 60 календардык күндөн эрте киргизилиши мүмкүн эмес.

4. Алдын ала компенсациялык алым субсидиялануучу жана экспорттолуучу товардын бирдигине экспорттоочу чет мамлекеттин спецификалык субсидиясынын алдын ала эсептелген чоңдугуна барабар өлчөмдө киргизилет.

5. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан компенсациялык чара киргизүү үчүн негиздер жок экендиги белгиленсе, же болбосо компенсациялык чара колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алынса, алдын ала компенсациялык алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кайтарылууга жатат.

6. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча экономика тармагына материалдык зыян келтирүү коркунучу болушунун же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдашынын негизинде компенсациялык чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынса, алдын ала компенсациялык алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кайтарылууга жатат.

7. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча экономика тармагына материалдык зыяндын же аны келтирүү коркунучунун болушунун негизинде компенсациялык чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынса (алдын ала компенсациялык алымды киргизбөө тармакка материалдык зыяндын болгондугун аныктоого алып келген шартта), алдын ала компенсациялык алымдын суммалары компенсациялык чара колдонуу жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык ушул берененин 8 жана 9-бөлүктөрүнүн жоболорун эске алуу менен кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө жатат.

8. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча алдын ала компенсациялык алымдын ставкасына караганда компенсациялык алымдын төмөнүрөөк ставкасын киргизүү максатка ылайык деп таанылса, компенсациялык алымдын белгиленген ставкасы боюнча эсептелген компенсациялык алымдын суммасына ылайык келген алдын ала компенсациялык алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө жатат.

Компенсациялык алымдын белгиленген ставкасы боюнча эсептелген компенсациялык алымдын суммасынан жогору болгон алдын ала компенсациялык алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кайтарылууга жатат.

9. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча алдын ала компенсациялык алымдын ставкасына караганда компенсациялык алымдын жогорураак ставкасын киргизүү максатка ылайык деп таанылса, компенсациялык алымдын жана алдын ала компенсациялык алымдын суммаларынын ортосундагы айырма алынбайт.

10. Алдын ала компенсациялык алым териштирүү бир учурда улантылган шартта колдонулат.

11. Алдын ала компенсациялык алымды киргизүү жөнүндө чечим териштирүү башталган күндөн тартып 7 айдан кечиктирбестен кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-28)
