# 26-берене. Субсидиялануучу импорттун натыйжасында экономика тармагына болгон материалдык зыянды, мындай зыянды келтирүү коркунучун же экономиканын тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдашын белгилөө

- Документ: [Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 "Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3375/edition/1263117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112612/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 26-берене (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-26

---

1. Субсидиялануучу импорттун натыйжасында экономика тармагына болгон материалдык зыян, мындай зыянды келтирүү коркунучу же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдашы субсидиялануучу импорттун көлөмүн талдоонун жыйынтыктарынын жана мындай импорттун ички рыноктогу окшош товардын жана ички рыноктогу ушундай товарды өндүрүүчүлөрдүн бааларына тийгизген таасиринин негизинде белгиленет.

2. Субсидиялануучу импорттун натыйжасында экономика тармагына материалдык зыяндын бар экендигин, мындай зыян келтирүү коркунучун же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдашын аныктоо максатында маалыматтар талданып жаткан мезгил териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан белгиленет.

3. Субсидиялануучу импорттун көлөмүн талдоодо териштирүү жүргүзүп жаткан орган териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын субсидиялануучу импортунун олуттуу көбөйүшү болуп өткөндүгүн аныктайт (абсолюттук көрсөткүчтөрдө, же болбосо ички рынокто окшош товарды өндүрүүгө же керектөөгө карата).

4. Эгерде Кыргыз Республикасынын бажы аймагына бирден ашык экспорттоочу чет мамлекеттен кайсы бир товардын субсидиялануучу импорту бир убакта жүргүзүлүүчү териштирүүлөрдүн предмети болуп саналса, териштирүү жүргүзүп жаткан орган мындай импорттун жалпы таасирине төмөнкүлөрдү белгилеген учурда гана баа бере алат:

1) ар бир экспорттоочу чет мамлекетте бул товарга субсидиянын өлчөмү анын наркынын 1 пайызынан ашыгын түзсө, ал эми ар бир экспорттоочу чет мамлекеттен субсидиялануучу импорттун көлөмү анча чоң болбосо;

2) субсидиялануучу импорттун предмети болуп саналган товардын импортунун жалпы таасирин баалоо импорттук товарлардын ортосундагы атаандаштык шарттарын жана Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн импорттук товар менен окшош товардын ортосундагы атаандаштык шарттарын эске алуу менен мүмкүн болот.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-27)
