25-берене. Спецификалык субсидиянын өлчөмүн аныктоонун принциптери
Күчүндө · 03.07.2023 редакциясы · 4-глава
1. Спецификалык субсидиянын өлчөмү мындай субсидияны алуучунун алган пайдасынын өлчөмүнүн негизинде аныкталат.
2. Спецификалык субсидия алуучунун алган пайдасынын өлчөмү төмөнкү принциптердин негизинде аныкталат:
1) эгерде уставдык капиталга катышуу экспорттоочу чет мамлекеттин аймагында кадыресе инвестициялык практикага (тобокелдик капитал берүүнү кошо алганда) жооп бербеген катышуу катары баалануусу мүмкүн эмес болсо, субсидиялоочу органдын уюмдун уставдык капиталына катышуусу пайда берүү катары каралбайт;
2) эгерде кредит алуучу уюм мамлекеттик кредит үчүн төлөгөн сумманын жана бул уюм экспорттоочу чет мамлекеттин кредиттик рыногунда ала турган салыштырмалуу коммерциялык кредит үчүн төлөшү керек болгон сумманын ортосунда айырма жок болсо, субсидиялоочу орган тарабынан берилген кредит пайда берүү катары каралбайт, башкача болгон учурда ал суммалардын ортосундагы айырма пайда деп эсептелет;
3) эгерде кепилдик алуучу уюм субсидиялоочу орган кепилдик берген кредит үчүн төлөгөн сумманын жана ал мамлекеттик кепилдиги жок салыштырмалуу коммерциялык кредит үчүн төлөшү керек болгон сумманын ортосунда айырма жок болсо, субсидиялоочу орган тарабынан кредитке кепилдик берүү пайда берүү катары каралбайт, башкача болгон учурда комиссиялык айырмачылыкка түзөтүүсү бар бул суммалардын ортосундагы айырма пайда деп эсептелет;
4) эгерде товарлар же кызмат көрсөтүүлөр гана шайкеш сый акыдан аз өлчөмдө берилсе, же болбосо сатып алуулар шайкеш сый акыдан көп өлчөмдө жүргүзүлбөсө, товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү субсидиялоочу орган тарабынан берүү же товарларды сатып алуу пайда берүү катары каралбайт. Сый акынын шайкештиги экспорттоочу чет мамлекеттин рыногунда ушул товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун жана сатуунун иштеп жаткан рыноктук шарттарына, анын ичинде товарды сатып алуу же сатуу баасына, сапатына, жеткиликтүүлүгүнө, ликвиддүүлүгүнө, транспорттоого жана башка шарттарга жараша аныкталат.
Берененин тексти 03.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112612/st-25" title="25-берене - Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>