# 24-берене. Экспорттоочу чет мамлекеттин субсидиясын спецификалык субсидияга киргизүүнүн принциптери

- Документ: [Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 "Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3375/edition/1263117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112612/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 24-берене (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-24

---

1. Эгерде экспорттоочу чет мамлекеттин субсидиялоочу органы же мыйзамдары субсидияны пайдаланууга конкреттүү өндүрүүчү жана/же экспорттоочу, же болбосо экспорттоочу чет мамлекеттин экономикасынын конкреттүү тармагы, же экспорттоочу чет мамлекеттин өндүрүүчүлөрүнүн жана/же экспорттоочуларынын, же болбосо тармактарынын тобу (бирлик, бирикме) кирген айрым уюмдарга гана жол берсе, экспорттоочу чет мамлекеттин субсидиясы спецификалык болуп саналат.

Эгерде субсидияны пайдаланууга уруксат берилген айрым уюмдардын саны субсидия берүүчү органдын карамагында турган белгилүү бир географиялык аймакта жайгашкан уюмдар менен чектелсе, субсидия спецификалык болуп саналат.

2. Эгерде экспорттоочу чет мамлекеттин мыйзамдары же субсидия берүүчү орган тарабынан субсидия алууга шексиз укукту жана анын өлчөмүн аныктаган жалпы объективдүү критерийлер, же болбосо шарттар белгиленсе (анын ичинде продукцияны өндүрүү менен алектенген кызматкерлердин санына же продукцияны чыгаруунун көлөмүнө жараша) жана так сакталса, субсидия спецификалык болуп саналбайт.

3. Кандай гана учурда болбосун экспорттоочу чет мамлекеттин субсидиясы спецификалык субсидия болуп саналат, эгерде мындай субсидияны берүү төмөнкүлөр менен коштолсо:

1) субсидияларды пайдаланууга уруксат берилген айрым уюмдардын санын чектөө;

2) айрым уюмдар тарабынан субсидияны артыкчылыктуу пайдалануу;

3) айрым уюмдарга пропорционалдуу эмес ири суммадагы субсидияларды берүү;

4) субсидиялоочу орган тарабынан айрым уюмдарга субсидия берүүнүн жеңилдетилген (преференциялык) ыкмасын тандоо.

4. Экспорттоочу чет мамлекеттин кандай гана болбосун субсидиясы спецификалык субсидия болуп саналат, эгерде:

1) субсидия экспорттоочу чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, же болбосо иш жүзүндө жалгыз шарт же бир нече шарттардын бири катары товарды экспорттоо менен байланышта болсо. Эгерде экспорттоочу чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык товарды экспорттоо менен байланышпаган субсидия берүү практикада товардын болгон же келечекте боло турган экспорту, же болбосо экспорттук кирешеси менен байланыштуу болсо, субсидия иш жүзүндө товарды экспорттоо менен байланыштуу деп эсептелет. Экспорттоочу ишканаларга субсидия берүү фактысы ушул бөлүктүн маанисинде товардын экспорту менен байланышкан субсидия берүүнү билдирбейт;

2) субсидия экспорттоочу чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, же болбосо иш жүзүндө, импорттук товарлардын ордуна, экспорттоочу чет мамлекетте өндүрүлгөн товарларды пайдалануу менен жалгыз шарт же бир нече шарттардын бири катары байланышса.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-25)
