# 23-берене. Субсидиялар

- Документ: [Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 "Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3375/edition/1263117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112612/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 23-берене (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-23

---

Субсидияларга төмөнкүлөр кирет:

1) субсидиялоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу, субсидия алуучуга кошумча артыкчылыктарды берүүчү жана экспорттоочу чет мамлекеттин аймагынын чегинде, анын ичинде төмөнкүдөй формаларда көрсөтүлүүчү финансылык көмөк:

акчаны түз которуу (анын ичинде дотация, зайым жана акцияларды сатып алуу түрүндө) же акчаны которуу боюнча милдеттенмелер (анын ичинде зайымдар боюнча кепилдик түрүндө); экспорттолуучу товарды ички керектөө үчүн арналган окшош товардан алынуучу салыктардан же алымдардан бошотуу учурларын кошпогондо, же болбосо мындай салыктарды же алымдарды иш жүзүндө төлөп берилген суммалардан ашпаган өлчөмдөрдө азайтууну же кайтарып берүүнү кошпогондо, каражаттарды эсептен чыгаруу же экспорттоочу чет мамлекеттин кирешесине түшүүгө тийиш болгон каражаттарды алуудан толук же жарым-жартылай баш тартуу (анын ичинде салыктык кредиттерди берүү жолу менен); жалпы инфратүзүмдү, башкача айтканда, конкреттүү өндүрүүчү жана/же экспорттоочу менен байланышпаган жалпы инфратүзүмдү колдоо жана өнүктүрүү үчүн арналган товарларды, же болбосо кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, товарларды, же болбосо кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетип же акысыз берүү; товарларды жеңилдик менен сатып алуу;

2) субсидия алуучуга экспорттоочу чет мамлекеттен товардын экспортун көбөйтүү же окшош товардын бул чет мамлекетке импортун кыскартуу алардын түздөн-түз же кыйыр натыйжасы болуп саналган кошумча артыкчылыктарды берүүчү, кирешелерди же бааларды колдоонун бардык формасы.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-24)
