# 20-берене. Демпингге каршы чараны кайра карап чыгуу

- Документ: [Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 "Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3375/edition/1263117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112612/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 20-берене (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-20

---

1. Демпингге каршы чара демпинг импортунун натыйжасында экономика тармагына келтирилген зыянды жоюу үчүн зарыл болгон өлчөмдө жана мөөнөттө колдонулат.

2. Демпингге каршы чара колдонуунун мөөнөтү мындай чараны колдонуу башталган же өзгөргөн жагдайларга байланыштуу жана бир убакта демпинг импортун жана анын экономика тармагына келтирген зыянын талдоонун негизинде жүргүзүлгөн же демпингге каршы чараны колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жүргүзүлгөн кайталап териштирүү аяктаган күндөн тартып 5 жылдан ашпоого тийиш.

3. Демпингге каршы чара колдонуунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайталап териштирүү арыздын негизинде, териштирүү жүргүзүү жол-жобосуна ылайык, же болбосо териштирүү жүргүзүп жаткан органдын өз демилгеси боюнча жүргүзүлөт.

Демпингге каршы чара колдонуунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайталап териштирүү арызда демпинг импортун кайра жаңыртуу, же болбосо улантуу жана демпингге каршы чараны колдонуу токтотулганда экономика тармагына зыян келтирүү мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтар болгондо жүргүзүлөт. Ушул бөлүккө ылайык жүргүзүлүүчү кайталап териштирүү аяктаганга чейин демпингге каршы чараны узартуу жөнүндө чечим кабыл алынат. Тиешелүү демпингге каршы чаранын колдонулушу узартылган мөөнөттүн ичинде алдын ала демпингге каршы алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте кайталап териштирүү жүргүзүүгө байланыштуу колдонуу мөөнөтү узартылуучу демпингге каршы чараны колдонууга байланыштуу белгиленген демпингге каршы алымдардын ставкалары боюнча демпингге каршы алымдар төлөнөт. Эгерде демпингге каршы чараны колдонуунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан кайталап териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча демпингге каршы чараны колдонуу үчүн негиздер жок экендиги белгиленсе, же болбосо демпингге каршы чараны колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алынса, демпингге каршы чараны колдонуу узартылган мөөнөттүн ичинде алдын ала демпингге каршы алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте алынуучу демпингге каршы алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кайтарылууга жатат. Эгерде демпингге каршы чараны колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайталап териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан демпинг импортун кайра жаңылоо, же болбосо улантуу жана экономика тармагына зыян келтирүү мүмкүндүгү белгиленсе, демпингге каршы чараны колдонуу узартылат. Демпингге каршы чараны узартуу жөнүндө чечим күчүнө кирген датадан тартып демпингге каршы чараны колдонуу узартылган мөөнөттүн ичинде алдын ала демпингге каршы алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте алынуучу демпингге каршы алымдардын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө жатат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-21)
