# 2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 "Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3375/edition/1263117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112612/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 2-берене (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-2

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

1) окшош товар - териштирүүнүн (кайталап териштирүүнүн) объекти болуп саналган же боло ала турган товарга толугу менен окшош, же болбосо мындай товар жокто териштирүүнүн (кайталап териштирүүнүн) объекти болуп саналган же боло ала турган товардын мүнөздөмөлөрүнө жакын мүнөздөмөлөрү бар товар;

2) демпингге каршы чара - демпинг импортуна каршы аракеттенүү боюнча чара, ал ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча демпингге каршы алымды, анын ичинде алдын ала демпингге каршы алымды киргизүү, же экспорттоочу тарабынан кабыл алынган ыктыярдуу баа милдеттенмелерин жактыруу аркылуу колдонулат;

3) демпингге каршы алым - демпингге каршы чараны киргизүүдө колдонулуучу жана ташып келүү бажы алымына карабастан бажы органдары тарабынан алынуучу алым;

4) ички рынок - белгилүү бир бажы аймагы менен чектелген, анын чегинде рыноктун катышуучулары өздөрүнүн тышкы экономикалык иштерин өз ара жүзөгө ашыруучу рынок;

5) демпинг - товарларды тышкы рынокто (же ички рынокто) атайылап төмөндөтүлгөн бааларда сатуу;

6) демпинг маржасы - товардын кадимки наркынын ушул товардын экспорттук баасын алып салгандан кийинки, анын экспорттук баасына карата пайыздар менен туюндурулган катышы, же болбосо товардын кадимки наркы менен анын экспорттук баасынын ортосундагы абсолюттук көрсөткүчтөрдө туюндурулган айырма;

7) демпинг импорту - бажы аймагына окшош товардын кадимки наркынан төмөн болгон баада товарды импорттоо;

8) импорттук квота - товардын санына жана/же наркына карата өлкөнүн жана/же интеграциялык бирикменин бажы аймагына товарды импорттоону чектөө;

9) компенсациялык чара - экспорттоочу өлкөнүн спецификалык субсидиясынын экономика тармагына таасирин жоюу боюнча, компенсациялык алымды (анын ичинде алдын ала компенсациялык алымды) киргизүү, же болбосо субсидиялоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы же экспорттоочу тарабынан кабыл алынган ыктыярдуу милдеттенмелерди жактыруу аркылуу ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча колдонулуучу чара;

10) компенсациялык алым - компенсациялык чара киргизүүдө колдонула турган жана ташып келүү бажы алымына карабастан бажы органдары тарабынан алынуучу алым;

11) экономика тармагына материалдык зыян - экономика тармагынын абалынын далилдер менен ырасталып начарлоосу, ал өлкөдө жана/же интеграциялык бирикмеде окшош товарды өндүрүү көлөмүнүн жана ички рынокто сатуу көлөмүнүн кыскарышынан, мындай товарды өндүрүүнүн рентабелдүүлүгүнүн төмөндөшүнөн, ошондой эле товардык запастарга, иш менен камсыз болууга, эмгек акынын жана экономиканын ушул тармагына инвестициялардын деңгээлине тийгизген терс таасиринен билиниши мүмкүн;

12) тикелей атаандашуучу товар - өзүнүн милдет-багыты, колдонулушу, сапаттык жана техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча, ошондой эле башка негизги касиеттери боюнча териштирүүнүн (кайталап териштирүүнүн) объекти болуп саналган же боло ала турган товар менен салыштырылуучу товар, анткени сатып алуучу керектөө процессинде териштирүүнүн (кайталап териштирүүнүн) объекти болуп саналган же боло ала турган товарды алмаштырат же алмаштырууга даяр;

13) экономика тармагы - өлкөнүн жана/же интеграциялык бирикменин бир типтеги технологиялар боюнча бир түрдүү же спецификалык продукцияны чыгаруучу, өндүрүүчү же берүүчү ишканаларынын жыйындысы;

14) сооданын адаттагы жүрүшү - чет мамлекеттин рыногунда окшош товарды сатып алуу-сатуу, андан териштирүүнүн объекти болуп саналган товар анын орточо өлчөнгөн өздүк наркынан төмөн болбогон, өндүрүштүн орточо өлчөнгөн чыгымдарынын жана орточо өлчөнгөн соода, административдик жана жалпы чыгымдарынын негизинде аныкталуучу баада экспорттолот;

15) териштирүү жүргүзүүчү орган - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилүүчү ыйгарым укуктардын алкагында аракеттенүүчү орган;

16) алдын ала демпингге каршы алым - териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүүнүн жүрүшүндө демпинг импортунун жана муну менен шартталган экономика тармагына материалдык зыяндын же аны келтирүү коркунучунун болушу, же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдоосу жөнүндө алдын ала корутунду жасалган өлкөнүн жана/же интеграциялык бирикменин бажы аймагына товарды импорттоодо колдонулуучу алым;

17) алдын ала компенсациялык алым - териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан субсидиялануучу импорттун жана экономика тармагына ушул импорт менен шартталган материалдык зыяндын же аны келтирүү коркунучунун болушу, же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдоосу жөнүндө алдын ала корутунду жасалган өлкөнүн жана/же интеграциялык бирикменин бажы аймагына товарды импорттоодо колдонулуучу алым;

18) алдын ала атайын алым - териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүүнүн жүрүшүндө экономика тармагына олуттуу зыян келтирген же келтирүү коркунучун туудурган өсүп жаткан импорттун болушу жөнүндө алдын ала корутунду жасалган өлкөнүн жана/же интеграциялык бирикменин бажы аймагына товарды импорттоодо колдонулуучу алым;

19) мурдагы мезгил - териштирүү жүргүзүү жөнүндө арыз берилген датанын түздөн-түз алдындагы, алар боюнча зарыл статистикалык маалыматтар бар 3 календардык жыл;

20) териштирүү - териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу, атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды киргизүүнүн алдындагы жол-жобо;

21) байланышкан адамдар - төмөнкү критерийлердин бирине же бир нечесине жооп берүүчү адамдар:

бул адамдардын ар бири башка адамдардын катышуусу менен түзүлгөн уюмдун кызматкери же жетекчиси болуп саналат; адамдар иштиктүү өнөктөр болуп саналат, башкача айтканда, келишимдик мамилелер менен байланышкан, пайда табуу максатында аракеттенишет жана биргеликте иштерди жүзөгө ашырууга байланышкан чыгымдарды жана зыяндарды биргелешип тартышат; адамдар бир уюмдун иш берүүчүлөрү жана кызматкерлери болуп саналат; добуш берүүчү акциялардын же эки адамдын тең үлүштөрүнүн 5 жана андан көп пайызына түз же кыйыр ээлик кылуучу, контролдоочу же номиналдуу кармоочусу болуп саналган кайсы болбосун адам; адамдардын бири башка адамды түздөн-түз же кыйыр контролдойт; эки адам тең үчүнчү жак тарабынан түздөн-түз же кыйыр контролдонот; эки адам тең биргелешип үчүнчү жакты түздөн-түз же кыйыр контролдойт; адамдар никелик мамиледе, туугандык же куда-сөөктүк, асырап алуучу жана асырап алынган, ошондой эле көзөмөлчү жана камкордукка алынган мамилелерде турат;

22) экономика тармагына олуттуу зыян - окшош же тикелей атаандашуучу товарды өндүрүү менен байланышкан кырдаалдын далилдер менен ырасталган жалпы начарлашы, ал экономика тармагынын өндүрүштүк, соода жана финансылык абалынын олуттуу начарлашынан билинет жана, адатта, өткөн мезгил үчүн аныкталат;

23) атайын коргоо чарасы - өлкөнүн жана/же интеграциялык бирикменин бажы аймагына карата өсүп бараткан импортту чектөө боюнча чара, ал ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча импорттук квота, атайын квота же атайын алым, анын ичинде алдын ала атайын алым киргизүү аркылуу колдонулат;

24) атайын алым - ташып келүү бажы алымы алынгандыгына карабастан, атайын коргоо чарасын киргизгенден кийин алынуучу алым;

25) атайын квота - товардын импортунун көлөмү (накталай жана/же нарктык туюнтмада), анын алкагында товар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына атайын алымды төлөбөстөн, ал эми андан жогору болгондо атайын алымды төлөө менен берилет;

26) тарифтик преференциялар системасын колдонуучу өлкө - интеграциялык бирикме менен бирдикте эркин соода аймагын түзгөн өлкөлөрдөн чыккан товарларга карата ташып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу же анын ставкаларын төмөндөтүү, же болбосо тарифтик преференциялардын бирдиктүү системасын пайдалануучу өлкөлөрдөн чыккан товарларга карата ташып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу, анын ставкаларын төмөндөтүү;

27) субсидиялануучу импорт - өндүрүүдө, экспорттоодо же ташууда экспорттоочу чет мамлекеттин спецификалык субсидиясы пайдаланылган товардын өлкөнүн бажы аймагына импорту;

28) субсидиялоочу орган - экспорттоочу чет мамлекеттин мамлекеттик органы, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, же тиешелүү мамлекеттик органдын, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тапшырмасы боюнча аракеттенген, же тиешелүү мамлекеттик орган, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан укуктук актыга ылайык же иш жүзүндөгү жагдайлардан улам ыйгарым укук берилген жак;

29) Кыргыз Республикасынын бажы аймагы - Кыргыз Республикасынын аймагы, анын ичинде эркин экономикалык зоналардын аймактары, ошондой эле, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан, аларга карата Кыргыз Республикасы өзгөчө юрисдикцияга ээ болгон курулмалар, түзүлүштөр жана башка объекттер;

30) экономика тармагына материалдык зыян келтирүү коркунучу - экономика тармагынын материалдык зыянга учуроосунун далилдер менен ырасталган аргасыздыгы;

31) экономика тармагына олуттуу зыян келтирүү коркунучу - экономика тармагынын олуттуу зыянга учуроосунун далилдер менен ырасталган аргасыздыгы;

32) ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу туруктуу иштеген жөнгө салуучу орган;

33) экспорттук баа - мамлекеттин бажы аймагына товарды импорттоодо төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон баа;

34) экспорттоочу чет мамлекет - интеграциялык бирикменин катышуучусу болуп саналбаган, андан териштирүүнүн объекти болгон же боло ала турган товар импорттолуучу чет мамлекет (чет мамлекеттердин бирикмеси).

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-3)
