# 19-берене. Демпингге каршы алымды киргизүү жана аны колдонуу

- Документ: [Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 "Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3375/edition/1263117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112612/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 19-берене (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-19

---

1. Баа милдеттенмелери ушул Мыйзамдын 18-беренесине ылайык жактырылган экспорттоочулар тарабынан берилүүчү товарды кошпогондо, демпингге каршы алым бардык экспорттоочулар тарабынан берилүүчү жана экономика тармагына зыян келтирген демпинг импортунун предмети болуп саналган товарга карата колдонулат.

2. Демпингге каршы алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин ыйгарым укуктуу орган демпингге каршы алымды киргизүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашат.

3. Демпингге каршы алымдын өлчөмү экономика тармагына зыянды жоюу үчүн жетиштүү болууга, бирок эсептелген демпинг маржасынын өлчөмүнөн жогору болбоого тийиш.

Эгерде демпинг маржасынын өлчөмү экономика тармагына зыянды жоюу үчүн жетиштүү болуп саналса, ыйгарым укуктуу орган өлчөмү эсептелген демпинг маржасынын өлчөмүнөн аз болгон демпингге каршы алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Демпингге каршы алымдын ставкасынын жекече өлчөмү демпинг импортунун предмети болуп саналган, ар бир экспорттоочу же товарды өндүрүүчү тарабынан берилүүчү, алар үчүн жеке демпинг маржасы эсептелген товарга карата белгиленет.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн демпингге каршы алымдын ставкасынын жекече өлчөмүнөн тышкары, алар үчүн жекече демпинг маржасы эсептелбеген экспорттоочу чет мамлекеттен товардын бардын башка экспорттоочулары же өндүрүүчүлөрү тарабынан берилүүчү товарга териштирүүнүн жүрүшүндө эсептелген эң жогорку демпинг маржасынын негизинде демпингге каршы алымдын бирдиктүү ставкасы белгиленет.

6. Демпингге каршы алым бажы жол-жоболоруна ылайык жайгаштырылган товарларга карата колдонулушу мүмкүн, ушуну менен бирге жайгаштыруу шарты болуп демпингге каршы алымдарды алдын ала демпингге каршы алым киргизилген датага чейинки 90 календардык күндөн эрте эмес төлөө саналат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-20)
