# 16-берене. Демпинг импортунун натыйжасында экономика тармагына материалдык зыянды, мындай зыянды келтирүү коркунучун же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдашын белгилөө

- Документ: [Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 "Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3375/edition/1263117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112612/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 16-берене (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-16

---

1. Демпинг импортунун натыйжасында экономика тармагына материалдык зыян, мындай зыянды келтирүү коркунучу же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдашы демпинг импортунун көлөмүн талдоонун жыйынтыктарынын жана мындай импорттун Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы окшош товардын бааларына жана окшош товардын өндүрүүчүлөрүнө болгон таасиринин негизинде белгиленет.

2. Демпинг импортунун натыйжасында экономика тармагына зыяндын болушун аныктоо максатында маалыматтар талдоого алынуучу териштирүү мезгили териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан белгиленет.

3. Демпинг импортунун натыйжасында экономика тармагына материалдык зыян келтирүү коркунучу белгиленгенде, териштирүү жүргүзүп жаткан орган бардык болгон факторлорду эске алат.

4. Эгерде териштирүүнүн жүрүшүндө орун алган факторлорду талдоонун жыйынтыктары боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган демпинг импортун токтотуунун мүмкүн эместиги жана ушундай импорт менен шартталган экономика тармагына материалдык зыян келтирүү жана демпингге каршы чара көрүү зарылчылыгы жөнүндө корутунду берсе, экономика тармагына материалдык зыян келтирүү коркунучунун бар экендиги тууралуу чечим кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-17)
