# 15-берене. Товардын экспорттук баасын аныктоо

- Документ: [Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 "Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3375/edition/1263117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112612/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 15-берене (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-15

---

1. Товардын экспорттук баасы териштирүү мезгилинде аны сатуу жөнүндө бар маалыматтардын негизинде аныкталат.

2. Демпинг импортунун предмети болуп саналган товардын экспорттук баасы жөнүндө маалыматтар жокто, же болбосо териштирүү жүргүзүп жаткан органда товардын экспорттоочусу жана импорттоочусу байланыштуу адамдар болуп саналгандыктан (анын ичинде үчүнчү жактар менен), бул товардын экспорттук баасы жөнүндө маалыматтардын аныктыгына негиздүү шектенүүлөр келип чыкканда, же болбосо мындай товардын экспорттук баасына карата келишип алуу түрүндөгү чектөөчү иштиктүү практика болгондо, анын экспорттук баасы импорттолгон товар көз карандысыз сатып алуучуга алгачкы жолу кайра сатылган баанын негизинде же, эгерде мындай товар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолгон түрүндө кайра сатылбаса, башка метод менен эсептелиши мүмкүн. Ушуну менен бирге, товардын экспорттук баасын анын кадимки наркы менен салыштыруу максатында, пайда, ошондой эле товардын импорту менен аны кайра сатуунун ортосундагы мезгилде төлөнгөн чыгымдар (анын ичинде бажы алымдары жана салыктар) эске алынат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-16)
