# 12-берене. Демпингге каршы чараны колдонуунун негизги принциптери

- Документ: [Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 "Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3375/edition/1263117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112612/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 12-берене (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-12

---

1. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча мындай товардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорту экономика тармагына материалдык зыян келтирери, зыян келтирүү коркунучун түзөрү же экономика тармагын түзүүнү олуттуу басаңдатары аныкталса, демпинг импортунун предмети болгон товарга карата демпингге каршы чара колдонулат.

2. Эгерде товардын экспорттук баасы анын кадимки наркынан төмөн турса, мындай товар демпинг импортунун предмети болуп саналат.

3. Демпинг импортунун бар экендигин аныктоо үчүн маалыматтар талданган териштирүү мезгили териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-13)
