12-берене. Демпингге каршы чараны колдонуунун негизги принциптери
Күчүндө · 03.07.2023 редакциясы · 3-глава
1. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча мындай товардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорту экономика тармагына материалдык зыян келтирери, зыян келтирүү коркунучун түзөрү же экономика тармагын түзүүнү олуттуу басаңдатары аныкталса, демпинг импортунун предмети болгон товарга карата демпингге каршы чара колдонулат.
2. Эгерде товардын экспорттук баасы анын кадимки наркынан төмөн турса, мындай товар демпинг импортунун предмети болуп саналат.
3. Демпинг импортунун бар экендигин аныктоо үчүн маалыматтар талданган териштирүү мезгили териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 03.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112612/st-12" title="12-берене - Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>