# 11-берене. Атайын коргоо чарасын колдонуу мөөнөтү жана аны кайра кароо

- Документ: [Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 "Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3375/edition/1263117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112612/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 11-берене (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-11

---

1. Атайын коргоо чарасын колдонуу мөөнөтү, ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык аны узарткан учурду кошпогондо, 4 жылдан ашпайт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн атайын коргоо чарасын колдонуу мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган тарабынан экономика тармагына олуттуу зыянды же аны келтирүү коркунучун жоюу зарыл болгондо, ошол эле учурда экономиканын тиешелүү тармагы тарабынан бул тармакты өзгөрүп жаткан экономикалык шарттарга ыңгайлаштырууга көмөк көрсөтүүчү чаралар көрүлүп жаткандыгынын далилдери болгондо кайталап териштирүүнүн натыйжалары боюнча узартылат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-12)
