# 10-берене. Атайын коргоо чарасын колдонуу

- Документ: [Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 "Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3375/edition/1263117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112612/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 10-берене (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-10

---

1. Атайын коргоо чарасы ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча экономика тармагына олуттуу зыянды же аны келтирүү коркунучун болтурбоо же жоюу, ошондой эле экономика тармагынын өзгөрүлүп жаткан экономикалык шарттарга ыңгайлашуу процессин жеңилдетүү үчүн зарыл болгон өлчөмдө жана мөөнөттө колдонулат.

2. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо чарасын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан даярдалган атайын алымды, импорттук же атайын квотаны киргизүү жөнүндө сунуш кызыкдар тараптар менен макулдашылат.

3. Эгерде атайын коргоо чарасы импорттук квотаны колдонуу аркылуу колдонулса, анын өлчөмү, экономика тармагына олуттуу зыянды же аны келтирүү коркунучун жоюу үчүн импорттук квотанын аз өлчөмүн колдонуу зарыл болгон учурларды кошпогондо, териштирүүнүн объекти болуп саналган (сандык же нарктык туюндурмада) өткөн мезгил үчүн товардын импортунун орточо жылдык көлөмүнөн төмөн эмес белгиленет.

4. Импорттук квота формасындагы атайын коргоо чарасын колдонуунун тартиби атайын коргоо чарасын колдонуу жөнүндө чечим менен белгиленет. Эгерде мындай чечим импортту лицензиялоону караштырса, лицензиялар тышкы соода ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.

5. Эгерде атайын коргоо чарасы атайын квота түрүндө колдонулса, мындай квотанын өлчөмүн аныктоо, аны бөлүштүрүү жана колдонуу импорттук квота үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-11)
