10-берене. Атайын коргоо чарасын колдонуу
Күчүндө · 03.07.2023 редакциясы · 2-глава
1. Атайын коргоо чарасы ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча экономика тармагына олуттуу зыянды же аны келтирүү коркунучун болтурбоо же жоюу, ошондой эле экономика тармагынын өзгөрүлүп жаткан экономикалык шарттарга ыңгайлашуу процессин жеңилдетүү үчүн зарыл болгон өлчөмдө жана мөөнөттө колдонулат.
2. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо чарасын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан даярдалган атайын алымды, импорттук же атайын квотаны киргизүү жөнүндө сунуш кызыкдар тараптар менен макулдашылат.
3. Эгерде атайын коргоо чарасы импорттук квотаны колдонуу аркылуу колдонулса, анын өлчөмү, экономика тармагына олуттуу зыянды же аны келтирүү коркунучун жоюу үчүн импорттук квотанын аз өлчөмүн колдонуу зарыл болгон учурларды кошпогондо, териштирүүнүн объекти болуп саналган (сандык же нарктык туюндурмада) өткөн мезгил үчүн товардын импортунун орточо жылдык көлөмүнөн төмөн эмес белгиленет.
4. Импорттук квота формасындагы атайын коргоо чарасын колдонуунун тартиби атайын коргоо чарасын колдонуу жөнүндө чечим менен белгиленет. Эгерде мындай чечим импортту лицензиялоону караштырса, лицензиялар тышкы соода ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
5. Эгерде атайын коргоо чарасы атайын квота түрүндө колдонулса, мындай квотанын өлчөмүн аныктоо, аны бөлүштүрүү жана колдонуу импорттук квота үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 03.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112612/st-10" title="10-берене - Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>