# 1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу максаты жана чөйрөсү

- Документ: [Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 "Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3375/edition/1263117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112612/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 1-берене (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-1

---

1. Ушул Мыйзам товарлардын тышкы соодасын жүзөгө ашырууда келип чыккан мамилелерди жөнгө салат, товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу боюнча иштин укуктук негиздерин белгилейт.

2. Ушул Мыйзам товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы же компенсациялык чараларды киргизүүгө чейинки териштирүүлөргө байланыштуу келип чыгуучу укуктук мамилелерге карата колдонулат.

3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөргө, жумуштарды аткарууга, интеллектуалдык менчик объекттерине өзгөчө укуктарды өткөрүп берүүгө же интеллектуалдык менчик объекттерин пайдаланууга укук берүүгө, инвестицияларды, валюталык жана экспорттук контролду жүзөгө ашырууга байланышкан мамилелерге жайылтылбайт.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112612/st-2)
