1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу максаты жана чөйрөсү
Күчүндө · 03.07.2023 редакциясы · 1-глава
1. Ушул Мыйзам товарлардын тышкы соодасын жүзөгө ашырууда келип чыккан мамилелерди жөнгө салат, товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу боюнча иштин укуктук негиздерин белгилейт.
2. Ушул Мыйзам товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы же компенсациялык чараларды киргизүүгө чейинки териштирүүлөргө байланыштуу келип чыгуучу укуктук мамилелерге карата колдонулат.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөргө, жумуштарды аткарууга, интеллектуалдык менчик объекттерине өзгөчө укуктарды өткөрүп берүүгө же интеллектуалдык менчик объекттерин пайдаланууга укук берүүгө, инвестицияларды, валюталык жана экспорттук контролду жүзөгө ашырууга байланышкан мамилелерге жайылтылбайт.
Берененин тексти 03.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112612/st-1" title="1-берене - Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>